2024-жылы Кыргызстан менен Орусиянын соода алмашуусу 25% өстү

Иллюстрациялык сүрөт.

2024-жылы Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы өз ара соода алмашуунун көлөмү 3,9 млрд АКШ долларына жетип, 25% өстү. Кыргыз товарларынын Орусияга экспорту дээрлик 40% көбөйгөн. Орусиянын Кыргызстандын экономикасына салган түз инвестицияларынын көлөмү 280 млн АКШ долларын түздү.

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 14-августта Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан VII кыргыз-орус экономикалык форумунун катышуучуларына жолдогон куттуктоо сөзүндө айтты. Мамлекет башчынын сөзүн Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын начальниги Азамат Кадыралиев окуп берди.

Президент кыргыз-орус өнүктүрүү фонду Кыргызстанда 900 млн АКШ долларынан ашык 3600дөн ашуун долбоорду ишке ашырганын белгилеген. (BTo)

Дагы караңыз

Зеленский: Украинанын коопсуздугуна кепилдик болушу керектигине Трамп макул болдуАКШ Орусияга салынган айрым санкцияларды 20-августка чейин убактылуу жумшарттыStarlink компаниясы Казакстанда интернет таратуу ишин баштадыОрусияда WhatsApp жана Telegram аркылуу чалуу бөгөттөлдүӨзгөндө соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн башчысы сексуалдык ыдык иши боюнча кармалдыӨкмөт эттин баасы 700 сомдон төмөн болушу керектигин билдирдиБишкекте милиция бөлүмүндөгү адам өлүмү боюнча кылмыш иши козголду