Өкмөт эттин баасы 700 сомдон төмөн болушу керектигин билдирди

Бишкек шаарындагы "Ош базарынын" эт бөлүмү.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кыргызстанда эттин баасы 700 сомдон төмөн болушу керектигин айтып, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына бааны көзөмөлдөө тапшырмасын берди.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, мындан тышкары мамлекеттик ишканалар уйдун этин сырттан алып келет.

Өлкөдө 11-августтан тарта эттин баасына 90 күнгө мамлекеттик көзөмөл киргизилген. Мындай чечим баанын негизсиз кымбатташына жол бербөө жана калк үчүн продукциянын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

Кыргызстанда быйыл эттин баасы кымбаттап кетти. Май айында Улуттук статистика комитети январдан бери уйдун этинин баасы 6%, койдун эти 10,9% жана жылкыныкы 7,1% жогорулаганын билдирген. (BTo)

Дагы караңыз

Нарында көпүрөдөн машинеси менен дарыяга түшүп кеткен адам изделүүдөЗеленский: Украинанын коопсуздугуна кепилдик болушу керектигине Трамп макул болдуТажик президентинин кичүү кызы саламаттыкты сактоону реформалоо ишин жетектейтОрусия менен Украина бири-бирине дрон чабуулун улантуудаКөк-Жар: Курулуштарды бузуу учурунда камакка алынган беш адам коё берилди