Окуя болгон жердегилер тарткан видеолордо полиция бир нече адамды күч менен алып кетип жатканын көрүүгө болот.
Алматыда шайлоого каршы чыккандар кармалды
Казакстандын Алматы шаарында президенттик шайлоону бойкот кылууга чакырган жүзгө жакын адамды полиция кармап кетти.

1
9-июнда Алматынын Астана аянтында 200гө чукул адам президенттик шайлоого каршылык билдирип чыкты. «Бойкот», «Маскара» деп кыйкырган бул адамдардын айрымдарын полиция кармап кетти.

2
Алматыдагы кармоо. 9-июнь, 2019-жыл.

3
Алматынын Астана аянтындагы көрүнүш. 9-июнь, 2019-жыл.

4
«Азаттыктын» казак кызматынын кабарчысы Алматыдагы Астана аянтында тартип коргоо кызматкерлери көп экенин билдирди. 9-июнь, 2019-жыл.

5
Казак полициясы нааразылык билдирип чыккандардын көбүн автоунаага күчтөп отургузуп жатты. Алматы, 9-июнь, 2019-жыл.

6
Vlast.kz сайты билдиргендей, кармалган адамдардын көпчүлүгү Алматынын полиция департаментине жеткирилип жатат. 9-июнь, 2019-жыл.

7
Аянтта жүргөн «Азаттыктын» кабарчысы полиция бир нече адамды бир убакытта кармап кеткенин көргөн. Алматы. 9-июнь, 2019-жыл.

8
Алматы шаарынын полиция департаменти менен Казакстандын Ички иштер министрлиги адамдардын кармалышына байланыштуу билдирүү жасай элек.

9
Полиция аянтка келгендердин бирин алып кетип баратат. Алматы. 9-июнь, 2019-жыл.

10
Полиция кармалгандарды күчтөп автоунаага салып жатат. Алматы. 9-июнь, 2019-жыл.

11
7-июнда Казакстандын Башкы прокуратурасы жарандарды 9-10 июнда мыйзамсыз митингге чыкпоону эскертип, эрежеге баш ийбегендер «жоопко тартыларын» эскерткен.

12
Казакстанда тыюу салынган «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылынын жетекчиси, бозгунда жүргөн банкир Мухтар Аблязов жарандарды 9-июнда өлкөнүн бир нече шаарында митингге чыгууга чакырган.