2024-жылы Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы өз ара соода алмашуунун көлөмү 3,9 млрд АКШ долларына жетип, 25% өстү. Кыргыз товарларынын Орусияга экспорту дээрлик 40% көбөйгөн. Орусиянын Кыргызстандын экономикасына салган түз инвестицияларынын көлөмү 280 млн АКШ долларын түздү.
Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 14-августта Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан VII кыргыз-орус экономикалык форумунун катышуучуларына жолдогон куттуктоо сөзүндө айтты. Мамлекет башчынын сөзүн Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын начальниги Азамат Кадыралиев окуп берди.
Президент кыргыз-орус өнүктүрүү фонду Кыргызстанда 900 млн АКШ долларынан ашык 3600дөн ашуун долбоорду ишке ашырганын белгилеген. (BTo)
Шерине